Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында "Айыл чарбасындагы инновациялар жана климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан ресурс үнөмдөөчү технологиялары" аталышындагы "Агроэкспо-2026" эл аралык жарманкеси башталды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жарманке айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, фермерлерди, ишкерлерди жана тармактагы адистерди бир аянтчага чогултуп, агрардык сектордогу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого жана кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.
Иш-чаранын алкагында төмөнкү багыттар боюнча көргөзмөлөр жана презентациялар сунушталууда:
- айыл чарба техникалары жана жаңы агротехнологиялар;
- сапаттуу үрөндөр жана көчөттөр;
- көчөт тандоо жана отургузуу боюнча мастер-класстар;
- тамчылатып сугаруу системалары жана санарип суу платформалары;
- жашыл энергия жана заманбап жылытуу системалары;
- айыл чарбасын каржылоо мүмкүнчүлүктөрү.
Мындан тышкары, катышуучулар үчүн адистердин мастер-класстары, лотереялар, белектер, ошондой эле жандуу музыка жана шоу-программа уюштурулган. Жарманке эртең дагы уланат.