Ош шаарынын мэри: Президент койгон тапшырмаларды 95% аткардык

Элдик курултай Загрузка... 25 Декабрь 2025 15:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.12.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров койгон тапшырмаларды 95% аткардык. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, IV Элдик курултай жогорку деңгээлде өтүп, президент абдан маанилүү маселелерди көтөрдү. Ош шаарынан курултайга 40 делегат келген.

“Курултайда өлкө башчы кабинетте отурбай, эл менен тыгыз иштешкиле деген жакшы сөзүн айтты. Биз ошол тапшырманы бир жылдан бери аткарып келе жатабыз. Биз кабинетте отуруп албай, эл менен түз иштешүүгө артыкчылык берип жатабыз. Таңкы саат 6дан кечки 18:00гө чейин маселелерди жеринен чечүүгө аракет кылабыз. Президенттин тапшырмаларынын 95%ы аткарылды. Бул Ош шаарынын бийлигинин жана элинин биргелешкен эмгеги. Эл менен жеринде иштөөбүз өз жыйынтыгын берип жатат жол, сквер, жашылдандыруу, мектеп, бала бакча – баары курулуп жатат. Жалпы алты бала бакча курдук, анын экөөсү жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.

Мамлекет башчысы быйыл Ош шаарына өзгөчө көңүл буруп, чоң финансылык колдоо көрсөттү. Жолдорду оңдоого республикалык бюджеттен 2 млрд 700 млн сом бөлүнүп, социалдык объектилерге дагы 1 млрд 700 млн сом каралган”,-деп белгиледи.

Калаа башчысы кошумчалагандай, 2025-жылы Ош шаарында 718 мыйзамсыз курулган объект бузулган.

“Ар бири менен жеке сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүм. Башкы планды көрсөтүп, жер маселелерин мыйзам чегинде тактап чыктык. Көпчүлүгүнүн мамлекеттик актылары туура эмес жол менен берилгени аныкталды. Биз аларга компенсация төлөп, башка аймактардан жер тилкелерин бердик

Мындан тышкары, Кызыл-Кыштак аймагындагы 46 гектар жер түздөлүп, "снос" болгон үйлөрдүн ордуна көчүрүлгөн жарандар үчүн турак жай курулууда. Учурда ал жакка 106 үй-бүлө жайгаштырылып, жаңы жылдан кийин дагы көчүрүү иштери улантылат. Объекттин ачылышы 2026-жылы болот”,-деп белгиледи ал.