Ош шаарында жаңы асфальтталган көчөлөр текшерилүүдө

Аймак 17 сентябрь 2026 15:15
68cc78ba-0a5b-438a-a3db-cfbc67466f19.jpg
afc628c7-3253-414a-8ee0-266a3fd051bc.jpg
813582776_1593078082291235_9097148404519334776_n.jpg
814535005_1593078095624567_6687860983853656664_n.jpg
813606367_1593078135624563_6015392159912861343_n.jpg
813966153_1593078068957903_274908729515017548_n.jpg
813790808_1593078075624569_893821705745479252_n.jpg
Алдыга
Артка
68cc78ba-0a5b-438a-a3db-cfbc67466f19.jpg
afc628c7-3253-414a-8ee0-266a3fd051bc.jpg
813582776_1593078082291235_9097148404519334776_n.jpg
814535005_1593078095624567_6687860983853656664_n.jpg
813606367_1593078135624563_6015392159912861343_n.jpg
813966153_1593078068957903_274908729515017548_n.jpg
813790808_1593078075624569_893821705745479252_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Ош шаарында 2026-жылы курулган жана оңдолгон жолдордун сапатына текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, анын курамына Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин, контролдоо бөлүмүнүн жана Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери кирди. Текшерүүнүн алкагында 2026-жылы асфальтталган жолдордон керн үлгүлөрү алынып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлүүдө. Ошондой эле жол куруу технологиясы, колдонулган материалдардын сапаты жана аткарылган иштердин курулуш ченемдери менен стандарттарына шайкештиги текшерилүүдө.

“Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга карата титулдук иш планына ылайык, шаарда 50 км жолду асфальттоо жана 51 км тротуар куруу пландалган. Учурда 16,3 км жол асфальтталып, 17 км тротуар курулду.

Текшерилип жаткан көчөлөр:

  • Х. Абдуллаев көчөсү — 600 м;
  • Г. Айтиев көчөсү — 1400 м;
  • Он-Адыр №111 көчөсү — 714 м, капиталдык оңдоо;
  • Баялинов көчөсү — 500 м, капиталдык оңдоо;
  • Имам-Ата №101 көчөсү — 1000 м;
  • Абакыр уулу Төрөбек көчөсү — 800 м, капиталдык оңдоо;
  • Ю. Төлөнов көчөсү — 2640 м, асфальттоо жана эки көпүрө куруу;
  • С. Абдувалиев көчөсү — 1160 м;
  • Курманжан датка көчөсү — 2000 м.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы лабораториялык изилдөөлөрдүн жана жеринде жүргүзүлгөн көзөмөлдүн негизинде чыгарылып, аныкталган кемчиликтер боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт",-деп айтылат маалыматта.