Ош шаарындагы маданий мекемелерге көңүл бурулат – өлкө башчысы

Президент Загрузка... 10 Апрель 2026 19:00
670452854_26330539173254308_6967486043882567925_n (1).jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.04.26 /Кабар/. Ош шаарындагы айрым маданий мекемелерди жакшыртууга көңүл бурулат. Бул тууралуу Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

“Ош шаары жаштардын, инновациялардын жана чыгармачылыктын борбору катары өнүгүп жатат деп айтууга толук негиз бар. Фестиваль, концерт, спектаклдер Ош облусунун аймагынан сырткары да гастролго чыгып жатышкандыгы мунун ачык мисалы.

Калаадагы “Бабур” театры жакшы шартта иштеп жатат, маданий мурастарды сактоо боюнча да иштер жүрүп, Сулайман-Тоо объектисинин буфердик зонасын жөнгө салуу жана тарыхый объекттерди реставрациялоо пландалууда.

Ошол эле учурда филармония авариялык абалда, драма театры оңдоого муктаж, куурчак театры имаратсыз экени маалым.

Аталган маданият жайларынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн сметалык эсептерди жана тиешелүү долбоордук-техникалык документтерди даярдап, бул багытта министрлик, мэрия болуп чогуу иш алып барабыз”,-деди президент.