Бишкек, 10.04.26 /Кабар/. Бүгүнкү күндө Ош шаарын ичүүчү суу менен камсыздоо маселелерин чечүүдө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аркылуу жалпысынан 14 млн евро каралган долбоор 100 пайыз натыйжалуу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
“Эки фазадан турган бул долбоор менен шаардын таза суу жана саркынды суу тутумдары жаңыртылган. Ошондой эле шаардын канализация тазалоочу станциясын кеңейтүү долбоорунун үчүнчү фазасы башталды. 8 млн еврону түзгөн бул долбоор, буюрса, үч жылда бүтөт. Ушул жана башка иш-аракеттерибиз аркылуу Ош шаарын таза суу менен камсыз кылууну жакынкы жылдары чечип бүтөбүз”, — деди өлкө башчысы.