Ош шаарын кантип өнүктүрсө болот? Жаңы мэр Жеңишбек Токторбаев менен маек

Интервью Загрузка... 15 Февраль 2025 14:37
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Ош шаарынын жетишкендиги да, көйгөйү да көп. Аянты эселеп кеңейип, калкы өсүп жаткан калаанын эртеңи эмне болот? Эң оболу баш ооруга айланган жол тыгыны күчөй береби же чечим табышабы деген талылуу суроолор чыгат.

Жол тыгыны өзү менен кошо далай көйгөйдү чиркештирип жүрөт. Мыйзамсыз курулуштар, кырсык, жол коопсуздугу, ашыкча чыгым. Бул ирет “Кабар” маалымат агенттиги Ош шаарынын жаңы дайындалган мэри Жеңишбек Токторбаев менен жаңы долбоорлор, жогорудагы көйгөйлөрдүн чечүү жолдору боюнча маек курду.

ec636e67-fa7d-4d59-a063-7bb1923c00d9.jpg

-Кызматка келгениңизге аз болсо да, саресеп кыла турган мезгилге жетип калдыңыз. Ош шаары эмнеден аксап, эмнеден алдыга жылып жатыптыр? Көйгөйлөрдү кантип чечкени турасыз?

-Ош шаары өзүнүн бай маданияты, уникалдуу географиялык абалы менен абдан байыркы шаар. Кызматка келген биринчи күндөн тарта биринчи кезекте негизги милдеттерге – тартипти жана тазалыкты орнотууга, шаардын жалпы көрүнүшүн жакшыртууга, анын ичинде жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерине көңүл бурууну чечтим.

Мындан тышкары, мыйзамдуулуктун сакталышы, коррупция менен күрөшүү маселелерине басым жасайм. Биринчи күндөн тартып эле кол алдымдагыларга, шаардык мекеме-уюмдардын жана кызматтардын жетекчилерине коррупцияга жол берилбеши керектигин эскерттим. Терс көрүнүштөр болгон учурда бардыгы тиешелүү жазасын алышат.

Муну менен катар, шаар көчөлөрүндөгү кызыл сызыктардагы мыйзамсыз объектилер менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Ал үчүн күн сайын эрте менен бардык тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте шаардын көчөлөрүн текшерип жатабыз. Текшерүүнүн жүрүшүндө объекттерди стандартка келтирүү, мыйзамсыз объекттерди бузуу, фасаддарды, жашыл аянтчаларды жана жалпы эле сырткы көрүнүштү жаңыртуу боюнча тапшырмаларды берип жатам. Маселелер дароо жеринде чечилүүдө. Шаарда кандай гана көйгөй болбосун, аны чечүү менин түздөн-түз милдетим. Учурда шаардын борбордук көчөлөрүн бойлото жашыл зоналарды жана тротуарларды ачуу максатында кызыл сызыктагы объектилерди бузуу боюнча 100дөн ашык эскертүүлөр берилди. Жалпысынан жыйынтык чыгарууга али эрте, бардык иштер али алдыда.

528a3918-018e-4e00-a97c-bf80890ca7bd.jpg

-Ошко техникаларды алуу үчүн Турукташтыруу фондунан 500 миллион сом бөлүндү, бул каражатка кандай техникалар алынат, техникалар кимдерге кандай бөлүнөт?

-Учурдагы техникалар 90% эскирип, колдонууга такыр мүмкүн болбой калыптыр. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен шаардык кызматтар үчүн жаңы атайын техникаларды алууга 500 млн сом бөлүндү. Бул каражатка150дөн ашык жаңы техника сатып алуу пландалууда. Техникалар “Ош көрктөндүрүү жана жашыл чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына, Муниципалдык менчик департаментине, Капиталдык курулуш башкармалыгына жана “Ош шаардык жолдору” башкармалыгына берилет.

-Кызматка келериңиз менен кызматтык унааларды айдаганы тыюу салдыныз, эмне үчүн?

Биринчи аппараттык кеңешмеде мен орун басарларыма өзүм кызматтык унааларды колдонбойм, силерге да кызматтык унаанын кереги жок деп айткам. Ар ким өзүнүн жеке унаасы же коомдук транспорт менен жүрсүн. Андан көрө мындан үнөмдөлгөн каражатты “Боорукердик” интернат-үйүнө берип койсок жакшы болот.

-СССРден калган мектеп аталыштарын өзгөртүү демилгесин көтөрдүңүз, эмне үчүн?

Бул менин демилгем эмес. Мен жакында шаар тургундары менен жолугушуу өткөрдүм, алар бир катар мектептердин атын өзгөртүү идеясын талкуулоону суранышты. Алардын кайрылуусу жазуу жүзүндө берилип, жеринде окулду. Бул маселени белгиленген тартипте жана мыйзам чегинде караса болорун айттым. Демилге меники эмес, бул болгону жергиликтүү тургундардын кайрылуусу болгонун баса белгилегим келет. Маселе жарандардын кайрылууларына байланыштуу гана көтөрүлгөн. Мэрия жарандардын сунуштарына ар дайым көңүл буруп, мыйзам чегинде карайт.

Бирок, азырынча бул жөн гана сунуш деңгээлиндеги маселе. Учурда мектептерге же башка социалдык объектилерге совет доорунун инсандарынын ысымын ыйгаруу боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек.

b75dbd3a-eb00-4712-a614-f7e2c16a9b75.jpg

-Мыйзамсыз курулуштар Ош шаарында басымдуулук кылып келет, байкап жатабыз жеринен таанышып жатасыз, канткенде бул көйгөй толугу менен чечилет?

Бул маселени чечүү менин жумушумдун алгачкы күндөрүнөн бери эле артыкчылыктуу багыттардын бири болуп калды. Анткени, биз мыйзамсыз объектилерди бузуп эле тим болбостон, активдүү түшүндүрүү иштерин да жүргүзүп жатабыз. Бул маселени толугу менен чечүү үчүн алгач элдин аң-сезимин өзгөртүү керек. Азыркы шаар куруу нормаларын жана эрежелерин бузуп, кызыл сызыкка, тротуарга объекттерди куруп жаткандарга мыйзам баарына бирдей жана ал иштей турганын жеткирүү зарыл.

-Кызматтан кеткен ар бир мэр, ар түрдүү эсте калат, биз сизди кайсыл жумуш менен тааныйбыз, Ош шаарын өнүктүрүүдө конкреттүү пландарыныз кандай?

-Менин милдетим – кааладагы тартипти орнотуу. Азыр шаардын четиндеги эле эмес, шаардын борбордук көчөлөрү да башаламан. Кааланын ичиндеги мыйзамсыз курулуштар, эски, кароосуз калган үйлөрдүн сырткы көрүнүшү шаардын көркүн бузуп жатат.

Менин пландарымда калктын турмушун жакшыртууга багытталган бир топ долбоорлор бар. Белгилей кетсек, Ош шаарында 9 муниципалдык аймактык башкармалык бар, аларга быйылкы жылдан баштап биринчи жолу өз аймагындагы инфраструктураны жакшыртуу (жолдорду, тротуарларды, балдар аянтчаларын оңдоо жана куруу) үчүн ар бирине 30 млн сом бөлүнөт. Бул быйыл киргизилген жаңычылдык.

Койгон максаттарыма, тагыраагы алдыдагы ишке ашырылуучу пландарыма төмөнкүлөр кирет:

- Биринчи кезекте, башталган долбоорлорду аягына чыгаруу керек. Бул Монуев-Шакиров-Алимжанов көчөлөрүнүн боюндагы эки деңгээлдүү жол өтмөгүнүн курулушу.

Мындан тышкары, Мамыров, Амир-Тимур, Көкүмбий көчөлөрүнүн боюндагы жолдорду реконструкциялоо боюнча башталган иштерди аягына чыгаруу, ошондой эле Тимирязев көчөсүндөгү жолду реконструкциялоо;

- жаңы муниципалдык базардын курулушун аяктоо;

- жол тыгындарын чечүү үчүн жаңы жол түйүндөрүн, анын ичинде эки көпүрөнү куруу, алардын бири эстакадалык өтмөк болот;

- жолдорду активдүү асфальттоо жана жөө жүргүнчүлөр үчүн шарттарды түзүү;

- шаар боюнча ирригациялык тармактарды капиталдык реконструкциялоо;

- балдар аянтчаларын куруу жана жашыл аймактарды түзүү (жаңы парктар жана скверлер);

- көп деңгээлдүү муниципалдык автопарктарды куруу;

- турак-жайы жок аз камсыз болгон жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн муниципалдык жатаканаларды куруу. Ушул жерден баса белгилей кетчү нерсе, эгерде мурда туруктуу жашаган жери жок адамдарга кышында түнөгөнгө убактылуу жай берилсе, эми биз үй-жайсыз жарандарды жыл бою туруктуу негизде турак жай менен камсыз кылууну пландаштырып жатабыз;

- шаардын жалпы көрүнүшүн жаңылоо пландарынын алкагында биз шаардын көчөлөрүн бойлото бак-дарактарды жана жашыл зоналарды этап-этабы менен жаңыртууну баштадык. Быйыл бул долбоор Курманжан-Датка көчөсүнөн башталды. Бул жерде көп жылдык бак-дарактарды кыюу иштери жүргүзүлдү. Анын ордуна сапаттуу жазы жалбырактуу, фитонциди жана кычкылтек өндүрүмдүүлүгү жакшы болгон декоративдүү дарактар отургузулат. Бул саамалык кийинки жылы башка көчөлөрдө да улантылат;

- Ош шаарынын долбоордук кодексин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;

- шаарды толук жаңыртуу.

Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик!