Оштогу Кең-Сай конушу июндун аягына чейин таза суу менен камсыз болот - мэрия

Аймак 27 Май 2025 17:15
500272950_1041.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
500456578_1041.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
500272862_1041.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
500069349_1041.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
500277197_1041.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
500410224_1041.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
500668623_1041.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Кең-Сай турак жай массивине таза суу жеткирүү долбоорунун жүрүшү менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Мэриядан билдиришкендей, калаа башчысы долбоор дээрлик бүтүп калганын, ушул жылдын июнь айынын аягына чейин тургундар таза суу менен толук камсыз болоорун белгиледи.

Ошондой эле тиешелүү кызматтарга ишти тез арада бүтүрүүнү тапшырды.

Маалым болгондой, буга чейин мэр менен болгон жолугушууларда жергиликтүү тургундар таза суунун жетишсиздигин айтып келишкен. Бул аймакка суу жеткирүү иштери 2010-жылы башталып, кийин белгисиз себептерден улам токтоп калган.

«Учурда диаметри 355 мм болгон жалпы узундугу 7 чакырымды түзгөн суу түтүктөрү тартылууда», - деп айтылат маалыматта.