"Ош эл аралык" аэропортундагы чектөө алынды

Аймак 10 февраль 2025 12:09
"Ош эл аралык" аэропортундагы чектөө алынды
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Ош шаарындагы "Ош Эл Аралык" аэропортуна киргизилген убактылуу чектөө саат 11:15те алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, шаарда туман түшүп жаткандыгына байланыштуу бүгүн саат 07:40тан тартып учактардын конуусуна убактылуу чектөө киргизилген болчу.