Бүгүн Алматы-Ош аба каттамы алгачкы жолу аткарылат

Коом Загрузка... 28 Май 2025 12:56
osh_international_airport1_0.jpg
copyright icon www

Бишкек, 28.05.25 /Кабар/. Бүгүндөн тарта «Эйр Астана» компаниясы Алматы-Ош-Алматы багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ишке киргизет.

Аэропорттон билдиришкендей, каттамдар жумасына 4 жолу – шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Белгиленгендей, бүгүн саат 17.20да "Ош" аэропортуна биринчи каттамдын конуусу күтүлүүдө.

Билеттердин баасы 6300 сомдон башталат.

Бул Кыргызстандын түштүгү менен Казакстандын түштүгүнүн ортосунда ыңгайлуу жана саякаттоо, эс алуу, иш сапарлар же жакындары менен жолугушуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.