"Орто-Алыш" суу топтомосунда жасалма көл пайда болду

Коом
WhatsApp Image 2026-10-21 at 12.43.32.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-21 at 12.43.32 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-21 at 12.43.33 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-21 at 12.43.33 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-21 at 12.43.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-21 at 12.43.32 (2).jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Орто-Алыш" суу топтомосундагы иштердин жүрүшү менен таанышты.

Мэриядан билдиришкендей, калаа башчысы шаарды ичүүчү суу менен камсыздоо муниципалитеттин артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү маселелер белгилүү болду:

  • Жаңы көлмө: Жер астындагы сууларды толуктоо үчүн көлөмү 110 миң куб метрди түзгөн № 12 жасалма көлдүн курулушу аяктап, насостук станция ишке киргизилди. Ал "Сад" тобундагы 29 скважинаны суу менен камсыздайт.
  • Илимий жашылдандыруу: "Бишкексууканалга" Илимдер академиясы менен биргеликте суунун бууланышын азайтуучу жашылдандыруу концепциясын иштеп чыгуу тапшырылды.
  • Мыйзамдуулук жана коопсуздук: Суу топтомунун аймагындагы капиталдык курулуштардын мыйзамдуулугун текшерүү милдети жүктөлдү.

"Шаар тургундарынын болжол менен 40 пайызы суу менен ушул булактан камсыздалат. Биздин башкы милдетибиз — аймактын коопсуздугун жана калкты ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоону кепилдөө", — деди Айбек Жунушалиев.