Бишкектеги Гоголь көчөсү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Коом
Бишкектеги Гоголь көчөсү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 22.11.26. /Кабар/. Бишкекте Гоголь көчөсүн реконструкциялоо иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки узундугу 1,5 чакырымга жакын тилкеде асфальт төшөлүп, жолдун жүрүүчү бөлүгү кеңейтилди. Ошондой эле жолдун эки тарабына тең унаа токтотуучу жайлар уюштурулду.

Жол иштери менен катар аймакты көрктөндүрүү жана инженердик тармактарды жаңылоо иштери жүргүзүлдү:

  • мыйзамсыз орнотулган кабелдер демонтаждалып, кабелдик тармактар жер астына өткөрүлдү жана тышкы жарыктандыруу системасы жаңыртылды;
  • жол боюндагы жашыл аймактар көрктөндүрүлүп, 200дөн ашык жаңы көчөт отургузулду;
  • Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейинки тилкеде эски суу түтүктөрү жаңыларына алмаштырылды;
  • Чүй проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз курулган объектилер демонтаждалып, аймак иретке келтирилди.