Адилет Орозбеков Таш-Көмүрдө бир катар иш-чараларга катышты

Коом

Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.11.26. /Кабар/. Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) бир катар иш-чараларына катышты.

Маалыматка ылайык, Адилет Орозбеков Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын экинчи издөө-куткаруу отрядынын капиталдык оңдоодон өткөн имаратынын жана жаңы спорттук аянтчанын ачылыш аземине катышты. Ошондой эле ал ӨКМдин 2026-жылдын күзгү чакырылышындагы жаш жоокерлеринин аскердик ант берүү аземине күбө болду.

Коопсуздук кеңешинин катчысы өз сөзүндө климаттын өзгөрүшү, табигый кырсыктардын көбөйүшү жана техногендик тобокелдиктер ӨКМге жана жалпы жарандык коргонуу системасына жаңы талаптарды коюп жатканын белгиледи. Ал коркунучтардын таасирин азайтуу үчүн мамлекет министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын кошумчалады.

Адилет Орозбеков жаш жоокерлерди маанилүү окуя менен куттуктап, аларды аскердик антын так сактоого, Мекен алдындагы милдетин абийирдүү аткарууга жана тартипти бекем карманууга чакырды. Ошондой эле иш-чарага келген жоокерлердин ата-энелерине ыраазычылык билдирди.