Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Онлайн платформалар аркылуу жеңил акча табууга үндөгөн жарнамаларды чектөө керектигин парламенттин жыйынында депутат Медина Кайрылбекова билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө кумар оюндарына тыюу салынгандыгына карабастан, онлайн платформаларда жеңил акча табуу убадасы менен долбоорлор ачык түрдө жарнамаланууда.
“Кыргызстанда кумар оюндарына тыюу салынгандыгына карабастан, онлайн платформаларда онлайн казинолор, букмекердик кызматтар, лотореялар жана жеңил акча табуу убадасы менен долбоорлор ачык түрдө жарнамаланып жатат. Ушундай ишмердүүлүк жүргүзгөндөр учурда мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдөнүп, алдын алуу, жөнгө салуу боюнча кандай иштер жүрүүдө?”,- деп эл өкүлү маданият маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басарына суроо жолдоду.
Маданият маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев өз кезегинде интернет тармагындагы мыйзамга каршы келген аталган көрүнүштөр боюнча иш жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Маалымдалгандай, бул багытта министрликке келген арыз-даттануулар боюнча Санарип министрлигине кат жөнөтүлүп, аларды бөгөттөгөн учурлар бар.
Бирок, депутат 2-3 эле пайызы кайрылып, калгандары көмүскөдө калуу менен көптөгөн үй-бүлөлөр жабыркап, жаш балдарга чейин аралашып кетип жатканын айтты.