Бишкек, 25.12.25 /Кабар/. Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнөн келген делегат Абдали Жайнаков билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги маселесин көтөрдү.
Анын айтымында, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн административдик борбору — Бужум айылы райондогу эң калктуу конуштардын бири. Калктын саны 13 миңден ашат, ал эми айылда эки гана орто мектеп иштейт. Эки мектеп тең совет доорунда курулуп, айылдын борбордук бөлүгүндө жайгашкан: бири 1977-жылы, экинчиси 1998-жылы колдонууга берилген.
«Бүгүнкү күндө окуучуларыбыз мектепке жетүү үчүн 4 чакырым жолду жөө басып өтүүгө туура келүүдө. Өзгөчө кыш мезгилинде аларга абдан кыйын болууда. Биз айылыбызга дагы бир жаңы мектеп куруп берүүңүздөрдү жана бул объектти 2026-жылдын иш планына киргизүүнү суранабыз», — деп кайрылды делегат.