Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Ноокен районунун Кудук-Сай айылында №35 “Жаз гүлү” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы имараты пайдаланууга берилди.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жаңы бала бакча 50 орунга ылайыкталып, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Имаратта 4 тайпага ылайыкташкан бөлмөлөр, ашкана жана балдар үчүн зарыл болгон бардык шарттар каралган.
Буга чейин Кудук-Сай айылында бала бакча болгон эмес. Айылдагы балдар коңшу айылдардагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барып келишкен.
Белгилей кетсек, бала бакча 6-октябрда министрлер кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда ачылды.