Нарында сапатсыз курулуш жүргүзгөн Кытай компаниясына айып салынды

Аймак Загрузка... 20 Апрель 2026 18:05
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Нарында курулуш талаптарын бузган компания 200 миң сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Нарын шаарында курулуп жаткан саркынды суу түтүктөрүн куруу учурунда белгиленген техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелердин талаптары толук сакталбагандыгы аныкталды. Аталган мыйзам бузуулар курулуш объектисиндеги коопсуздук талаптарына жана сапат стандарттарына түздөн-түз таасирин тийгизет.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан China Road and Bridge Corporation in Kyrgyzstan өкүлчүлүгүнө карата административдик чаралар көрүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.