14-апрель саат 11:00дө түз эфирде "Элден собол" берүүсү болот.
Тема: Бишкекте быйыл кайсы жолдор оңдолот?
Суроолорго Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов жооп берет.
Эгер сизде Бишкектеги жолдордун курулушуна жана сапатына байланыштуу сурооңуз, сунуштарыңыз болсо комментарийге калтырыңыз. Биз түз эфирде жооп алып беребиз.
Эфир “Кабар” маалымат агенттигинин Ютуб жана Фейсбук баракчаларында көрсөтүлөт.