Нарында энергия булактарын өндүрүүнүн келечеги кең – президент

Президент Загрузка... 21 Март 2026 12:22
WhatsApp Image 2026-03-17 at 12.30.29.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.03.26 /Кабар/. Нарын облусунда энергия булактарын өндүрүүнүн келечеги кең. Бул тууралуу Нарын жергесинде өтүп жаткан Нооруз майрамында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди.

Президенттин айтымында, Теңир-Тоо энергетикалык дарамети жогору аймактардын бири.

“Нарын дарыясы турганда облуста энергия булактарын өндүрүүнүн келечеги кең. Учурда 100 мегаваттык Куланак ГЭСинин курулушу жүрүп жатат. Бул долбоор ишке ашканда аймактын энергетикалык коопсуздугу бекемделип, кошумча кубаттуулук жаралат. Мындан сырткары, 1200 мегаватт электр кубаты өндүрүлө турган Кара-Кече жылуулук электр станциясын куруу боюнча инвестор курулуш иштерин баштады”, - деп белгиледи Жапаров.

Белгилей кетсек, учурда Нарын облусунда президенттин катышуусунда Нооруз майрамы белгиленүүдө.