Нарында базарлардагы товарлардын акциздик маркалары текшерилди

Экономика 25 июль 2025 14:28
524323336_1036566491981991_7342201958127544136_n.jpg
520989316_1036566498648657_1765227242530536976_n.jpg
523880881_1036566495315324_8701912621491260361_n.jpg
Алдыга
Артка
524323336_1036566491981991_7342201958127544136_n.jpg
520989316_1036566498648657_1765227242530536976_n.jpg
523880881_1036566495315324_8701912621491260361_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Бүгүн Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Нарын шаарындагы базарларда акциздик маркаларды товарларда колдонуу боюнча талаптардын аткарылышын көзөмөлдөдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, рейддик иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев дагы катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө салыктык тартипти бекемдөө жана мыйзамсыз товар жүгүртүүнү аныктоо максатында соода түйүндөрүндө текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Алмамбет Шыкмаматов салык мыйзамдарын, өзгөчө акциздик маркаларды колдонуу боюнча талаптарды так сактоо зарылдыгын баса белгиледи.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында акциздик маркаларга байланышкан салык мыйзамдарынын бузуу факты аныкталды. Мыйзам бузгандарга карата тиешелүү мыйзам чегиндеги чаралар, анын ичинде айып пул салуу колдонулду.

Эске салсак, мындай рейддик иш-чаралар Кыргызстандын аймактарында көмүскө экономикага каршы күрөшүү, мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана салыктык тартипти чыңдоо максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.