Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Нарын райондук электр тармактар ишканасынын жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Министр Таалайбек Ибраев имараттын курулушуна расмий мезгил кутучасын салуу аземине катышты.
Аталган имарат "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК тарабынан каржыланып, жалпы аянты 919,66 м²ди түзөт. Ал үч кабаттан туруп, заманбап талаптарга жооп берген кеңсе жайларын камтыйт. Бул имарат кызматкерлердин иш шартын жакшыртууга жана калкты сапаттуу тейлөөгө багытталган. Курулуш иштери толугу менен 5 айдын ичинде бүткөрүлүшү пландалууда.
Мындан тышкары, Жумгал жана Ат-Башы райондорунда дал ушундай заманбап имараттардын курулушу, ал эми Кочкор районунда темир-бетон мамыларын чыгаруучу жана трансформаторлорду оңдоочу жайдын курулуш иштери башталар алдында турат.
Иш-чаранын алкагында министр Таалайбек Ибраев жаңы имараттын маанисин белгилеп, бул кадам энергетика тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана аймактагы инфраструктураны өнүктүрүүгө чоң салым кошорун баса белгиледи.
Мындан тышкары, энергетика министри Кочкор районундагы 35/10 кВ “Кум-Дөбө” көмөк чордонуна барып, Шамшы фидеринен 15 чакырымдай 10кВ СИП аба чубалгысын куруу иштери менен таанышты. Жаңы курула турчу 10 кВ аба чубалгы Кум-Дөбө, Ак-Жар, Шамшы жана Бугучу айылдарын сапаттуу электр жарыгы менен камсыз кылат.