Нарындагы ипотекалык үйлөр жакында берилет – Жапаров

Президент Загрузка... 21 Март 2026 12:40
615358286_369006493.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.03.26 /Кабар/. Нарын облусунда салынып жаткан ипотекалык үйлөрдүн курулушу жакында аяктайт. Бул тууралуу Нарын жергесинде өтүп жаткан Нооруз майрамында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна 2 млрд сомго жакын акча каражаты топтолуп, түшкөн каражаттар аймакты өнүктүрүүгө, анын ичинде Нарын облусунда бир катар социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорго багытталууда.

“2022-жылдан тарта Кумтөр алтын кенинин дүң кирешесинен 0,6 пайызы облустун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондуна түшө баштады. “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан каржыланган долбоорлордун ичинде Нарын шаарында курулушу жүрүп жаткан ипотекалык турак үйлөр да бар. Ипотекалык үйлөрдүн басымдуу бөлүгү албетте, өлкө бюджетинин каржылоосу менен ишке ашууда”,-деди мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, учурда Нарын облусунда президенттин катышуусунда Нооруз майрамы белгиленүүдө.