Мурдагы "Ай-Пери" заманбап бизнес борборго айланды

Коом 562 15 Январь 2026 09:55
WhatsApp Image 2026-01-15 at 11.32.24.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-15 at 11.31.17 (2).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-01-15 at 11.32.24.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-15 at 11.31.17 (2).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Бишкек шаарында Вьетнам компаниясы тарабынан негизделген заманбап кеңсе борбор ачылды.

Белгилүү болгондой, борбор өлкөгө инвестиция тартуу иш-чараларынын алкагында ачылууда.

Борборду министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ачып, заманбап кеңсе менен таанышып чыкты.

Маалымдалгандай, бул кеңсе ишкердикти өнүктүрүүгө, инвесторлордун иштөөсүнө шарт жана кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзмөкчү.

Иш-чарага ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жана башка тиешелүү кызматкерлер, чет элдик компаниянын өкүлдөрү катышууда.

Эскерте кетсек, заманбап кеңсе борбор мурунку "Ай-Пери" бизнес борборунун ордунда түзүлдү.