“Үмүт чырагы” өзгөчө камкордукка муктаж балдардын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт – мэр

Коом Загрузка... 18 Март 2026 10:10
WhatsApp Image 2026-03-18 at 10.13.28.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.03.26 /Кабар/. “Үмүт чырагы” балдар бакчасы өзгөчө камкордукка муктаж балдардын өнүгүүсүнө, билим алуусуна жана коомго эркин аралашуусуна кеңири мүмкүнчүлүк түзөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев майыптыгы бар балдарга арналган бала бакчанын курулушуна капсула салуу аземинде билдирди.

Анын айтымында, бул бала бакчанын ачылышы ата-энелер үчүн чоң колдоо болуп, алардын үмүтүн жандырган борборго айланат.

“Биз майыптыгы бар балдарга арналган “Үмүт чырагы” балдар бакчасынын курулушун баштоо аземине чогулуп турабыз. Барыңыздарды ушул жакшы саамалык менен куттуктайм. Бардык заманбап шарттары менен эки кабаттуу, 250 орундуу бала бакчанын курулушу башталганы турат. Бул бала бакча өзгөчө камкордукка муктаж балдардын өнүгүүсүнө, билим алуусуна жана коомго эркин аралашуусуна кеңири мүмкүнчүлүк түзөт”, — деди мэр.

Иш-чаранын жүрүшүндө маалым болгондой, балдар бакчасы төмөнкү категориядагы балдарды камтыган бир катар топтордон турат:

  • аутизм спектринин бузулушу бар, жеңил же оор даражада акыл-эсинин өнүгүүсү артта калган балдар;
  • психикалык өнүгүүсү кечиккен, угуу жана сүйлөө жөндөмү бузулган балдар үчүн.

Белгилей кетсек, аталган балдар бакчасында терапиялык кабинеттер, сенсордук бөлмөлөр, таза абадагы оюн аянтчалары жана балдарды эс алдырууга, эмоционалдык жактан колдоого жардам бере турган контакттык зоопарк болот.

Бакчанын 0,9 гектарды түзгөн аянты балдардын эркин кыймылдап, өзүн коопсуз жана ишенимдүү сезүүсү үчүн ыңгайлуу. Андан тышкары, долбоордо 38 орундуу унаа токтотуучу жай жана балдар үчүн ыңгайлуу кирүү жолдору каралган.