Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. “Үмүт чырагы” балдар бакчасы ата-энелерге жана алардын балдарына үмүттүн чырагын жандырат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев майыптыгы бар балдарга арналган бала бакчанын пайдубалына мезгил кутусун салуу аземинде билдирди.
Анын айтымында, гимнастика, логопеддик сабактар, андан тышкары контакттык зоопаркы бар бул бала бакчада балдардын өнүгүүсү үчүн бардык шарттар түзүлмөкчү.
“Коомубуздагы экономикалык ресурстарды жана бизди колдогон санаалаштардын жардамы менен инклюзивдик принципти кеңири колдонуп бир дагы адамды, бир дагы баланы коомубуздан оолактатпай кошуп алууга шарт түзүлүп жатат. Бул бала бакча биздин балдарыбызга болгон чоң камкордуктун белгиси. Өзгөчө балдар үчүн атайын шарттары каралган “Үмүт чырагы” балдар бакчасынын курулушу коомубуз үчүн да, ата-энелер үчүн да чоң кубаныч. 4 млн долларга жакын суммадагы өз каражатын сарптоо менен долбоорду ишке ашырып жаткан “Артвин Девелопмент” ЖЧКсына терең ыраазычылык билдирем. Шаарыбыз үчүн зарыл болгон мындай социалдык объекттин ыйык Орозо айында курулуш иштеринин башталышы бул гумандуулуктун, боорукерликтин белгиси”,- деди минкаб төрагасы.
Эскерте кетсек, Бишкекте “Үмүт чырагы” майыптыгы бар балдарга арналган бала бакчанын пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү. Мында долбоордун алкагында жалпы аянты 3 570 чарчы метрди түзгөн, эки кабаттуу 250 орундуу заманбап бала бакча курулмакчы.