МСК: Январь айында 22,5 млрд сом салык жана төлөмдөр чогултулду

Экономика Загрузка... 07 Февраль 2025 11:00
7K7A6328.original.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын январь айында 22 млрд 554 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултту.

Ведомстводон белгилешкендей, пландык көрсөткүчтөр 3 млрд 418,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Түшүүлөр 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,05 млрд сомго көбөйгөн.

Мындан сырткары, Салык кызматы 6 млрд 714,4 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту, бул белгиленген пландан 814,4 млн сомго көп. 2024-жылдын январь айына салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 839,8 млн сомго өстү.

Ошентип, чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы ушул жылдын январь айында 29 млрд 268,4 млн сомду түздү.