МСК: Эми кириштөө документинин жардамы менен товарларды мыйзамдаштырууга болот

Экономика Загрузка... 05 Март 2025 11:55
943942.6cbf58df2ea3.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 05.03.25. /Кабар/.Эми кириштөө документинин жардамы менен товарларды мыйзамдаштырууга болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, салык мыйзамдарын сактоо жана бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча (0%, 0,1%, 0,5% жана 1% ставкалары боюнча) соода ишин жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн товарларды легалдаштыруу процессин жөнөкөйлөтүү максатында, ошондой эле өзгөчө режимдеги соода зоналарында жаңы кагаз түрүндөгү документ – кириштөө документи киргизилет. Бул документ товардык операцияларды мыйзамдаштырууга, эсепке алуу процесстерин жакшыртууга жана бизнес үчүн тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет.

Кириштөө документи – бул баштапкы эсепке алуу документтери жок болсо, же алар туура эмес таризделген болсо, товарларды каттоого мүмкүндүк берген расмий документ. Аны колдонуу бизнес-процесстердин ачыктыгына жана салыктык эсепке алуунун туура жүргүзүлүшүнө карай маанилүү кадам болуп саналат.

Салык төлөөчүлөр үчүн негизги артыкчылыктар:

Товарларды легалдаштыруу – баштапкы документтери жок товарларды эсепке алуу мүмкүнчүлүгү;

Документтерди жүгүртүүнү жөнөкөйлөтүү – товардык операцияларды легитимдештирүү үчүн кошумча курал;

Эсепке алуунун ачыктыгы – салык контролунун сапатын жогорулатуу жана салык калдыгынын же айыптык санкциялардын тобокелдиктерин азайтуу.

Кириштөө документин тариздөө үчүн салык төлөөчүлөр салык органына кайрылып, тиешелүү форманы толтурса болот. Жол-жоболор жана талаптар жөнүндө толук маалымат салык кызматынын расмий баракчаларына жарыяланат.

Бул жаңыланууга көңүл буруп, товарларды легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн өз убагында колдонууну суранабыз.

Товарларды 2025-жылдын 1-апрелине чейин гана мыйзамдаштырууга болот!

Белгилей кетсек, бул кириштөө төмөнкүлөргө тиешелүү эмес:

  • алкоголдук, тамеки буюмдары, дары-дармек каражаттары, медициналык буюмдар, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдары;
  • мунай жана мунай азыктары (ТНВЭД 2710197100-2710199800 коддорундагы майлоочу майларды кошпогондо);
  • текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө салык кызматынын чечимдери же мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимдери бар товарлар.