Бишкек, 24.07.25 /Кабар/. Москва районундагы "Дос агро" чарбасы суткасына 50 миң даана жумуртка өндүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Чарбанын жетекчиси Досмат Шерматов келчекте өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу максаты бар экенин белгиледи.
Ишканада 5 адам туруктуу жумушчу орун менен камсыздалган. Бул жагдай жергиликтүү калк үчүн киреше табууда кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.
Аталган чарба КАПК долбоорунун алкагында “Айыл банк” аркылуу 48 млн сомдук (6%) жеңилдетилген насыя алып, 50 миң баш тоокко ылайыкталган заманбап ферма куруп, керектүү жабдуулар менен толук камсыздалган.
Бул демилге район аймагындагы агрардык секторду өнүктүрүүгө, жумушчу орундарын түзүүгө жана айыл чарба продукцияларын көбөйтүүгө чоң салым кошууда.