Бишкек, 21.07.25. /Кабар/. Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары жогорку деңгээлде өтүп, анын алкагында ар тармактуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттер ортосундагы саясий диалогдорду өнүктүрүүгө, соода-сатыкты, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана экологияны сактоо багытына өзгөчө көңүл бурулууда.
“Биринчиден эки мамлекеттин ортосундагы саясий диалогдорду мындан ары өнүктүрүү маанилүү. Анткени, эки өлкөнүн президенттери, өкмөттөрү, Тышкы иштер министрликтери дайыма байланышта, биргелешип иш алып барат. Ушул байланыштарыбызды мындан ары өнүктүрүү керек.
Экинчиси тараптар аралык соода-сатыкты кеңейтүү. Бул транзиттик мүмкүнчүлүк болбосо абдан оор, ошондуктан азыр сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мүмкүнчүлүк болсо биз Россия-Монголия-Кытай келишимине кошулсак ортобуздагы автомобилдик байланыш кеңеет. Анткени, темир жол жок, ал эми авиа аркылуу соода жүргүзүү абдан кымбат. Ошол себептен, эки мамлекеттин ортосундагы транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, логистикалык борборлорду түзүү, сооданы өнүктүрүү боюнча иш алып баруудабыз. Соода-сатыкты кеңейтүү менен бирге инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча да сүйлөшүүлөр жүрдү. Кыргызстан менен Монголиянын ишкерлеринин ортосундагы бизнес форумда кыргыз тарап бир нече долбоорлорду сунуштайт. Көбүнчө туристтик, айыл чарба, санариптештирүү, IT- технология багытындагы долбоорлор.
Үчүнчү багыт эки элдин ортосундагы туристтик мүмкүнчүлүктү кеңейтүү. Мисалы, Монголияда миллиондон ашык туристтер саякатташат. Кыргызстанда да саякаттап чет өлкөлөргө барган жарандар көп. Бул тармакта эки мамлекеттин ортосунда туризмди өнүктүрүү боюнча шарттарды түзүү, элдерди жакындатуу менен байланышты чыңдоо маанилүү.
Төртүнчү экологияны сактоо багытында Монголияда миллиард түп бак отургузуу боюнча чоң долбоор бар. Кыргызстанда буга окшош “Жашыл мурас” долбоору болгондуктан, эки долбоорду байланыштырып, мүмкүн болушунча климатты, мөңгүлөрдү сактоого бири-бирибизге жардам берели деп сүйлөштүк”,- деди Кулубаев.
Ошондой эле тышкы иштер министри президент Садыр Жапаров 2023-жылы Монголияга мамлекеттик сапар менен барганын, ал эми бүгүнкү Монголиянын президентинин сапары жооп катары уюштурулгандыгын кошумчалады.
Эскерте кетсек, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух ушул күндөрү мамлекеттик сапары менен Кыргызстанда жүрөт. Сапардын алкагында жолугушуулар өтүп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган документтерге кол коюлду.