Бишкек, 07.09.26 /Кабар/. Вьетнамда 5-сентябрда сынактын 75 жылдыгына арналган "Дүйнө сулуусу-2026" эл аралык сулуулар сынагы жыйынтыкталды. Быйыл ага дүйнөнүн 111 өлкөсүнөн өкүлдөр катышты.
“Мисс Кыргызстан” сулуулар сынагынын дирекциясынын маалыматына караганда, Кыргызстандын атынан эл аралык сынакта "Мисс Кыргызстан-2026" титулунун ээси, 26 жаштагы Саадат Асылбекова катышты. Сынактын алкагында ал "Beauty With a Purpose" социалдык долбооруна катышты. Бул долбоор "Дүйнө сулуусу" сынагынын негизги багыттарынын бири болуп саналат. Саадат Асылбекованын долбоору онкологиялык оорулардын алдын алууга жана аларды эрте аныктоого арналган. Долбоор "Мисс Кыргызстан-2013" титулунун ээси Жибек Нукееванын жаркын элесине арналды.
Белгиленгендей, Асылбекова сынак учурунда Кыргызстанды, анын маданиятын, өзгөчөлүгүн, баалуулуктарын жана заманбап образын жоопкерчилик менен татыктуу таанытты.
Эске салсак, сынактын жеңүүчүсү Доминикан Республикасынын 24 жаштагы өкүлү Джоэйрри Мола Домингес болду. Ал модель, мугалим жана журналист болуп иштейт. Ошондой эле социалдык долбоор менен алектенип, ал аркылуу социалдык жактан аялуу балдарга жана өспүрүмдөр үчүн англис тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган иштерди алып барат.