Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Доминикан Республикасынын өкүлү Джоэйрри Мола "Дүйнө сулуусу — 2026" наамын жеңип алды. Сынактын финалы 5-сентябрда Вьетнамдын Нячанг шаарында өтүп, ага 111 өлкөнүн өкүлү катышты. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Биринчи вице-мисс наамын Испаниянын өкүлү Элизабет Рейнес, экинчи вице-мисс наамын Малайзиядан Таанусия Четти алды.
24 жаштагы Джоэйрри Мола мугалим болуп иштейт жана аялуу катмардагы балдарга англис тилин үйрөтүүгө багытталган социалдык долбоордун негиздөөчүсү.
Доминикан Республикасы "Дүйнө сулуусу" наамын экинчи жолу жеңип жатат. Өлкөнүн биринчи өкүлү 1982-жылы жеңишке жеткен.
Кыргызстандын атынан 26 жаштагы Саадат Асылбекова катышып, мыкты 40 катышуучунун катарына кирген жок.