Мирзиёев: Кыргызстан менен Өзбекстан союздаштык мамилелердин жаңы этабына чыкты

Саясат Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 17:30
760271101_1628178725983422_2423862844383139705_n (1).jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 30.07.26. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы союздаштык мамилелердин түзүлүшүн тарыхый күн катары баалады.

Ал Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен көп жылдык тынымсыз иштердин натыйжасында эки өлкө ортосундагы бардык маанилүү маселелер оң чечилгенин белгиледи.

“Садыр Нургожоевич президенттик кызматка келген биринчи күндө куттуктап, мен Кыргызстанга элин сүйгөн, элине бакыт каалаган жетекчи келгенин түшүндүм. Биз акыркы жылдары бардык маселелерди достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында чечүүгө аракет кылдык”, — деди Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын лидери эки өлкөнүн мамилесин жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн эки президенттин саясий эрки маанилүү болгонун белгилеп, бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстан союздаштык мамилелерге жеткенин айтты.

“Бүгүн биздин мамилелердин тарыхый күнү. Биз дипломатиянын эң жогорку деңгээлине жетип, союздаштык мамилелерди түздүк. Бул көп жылдык татаал жана жоопкерчиликтүү иштердин жыйынтыгы”, — деди ал.

Мирзиёев Кыргызстандагы жетишкендиктерди жогору баалап, өлкөнүн өнүгүүсү саясий эрктин жана туура башкаруунун натыйжасы экенин белгиледи.

Ал өзүнө ыйгарылган Кыргыз Республикасынын жогорку мамлекеттик сыйлыгы — “Манас” ордени өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.

“Мен көптөгөн мамлекеттердин сыйлыктарын алдым, бирок бул орден мен үчүн өзгөчө. Анткени, бул сыйлык эки элдин достугуна, бир туугандык мамилесине берилген баа деп кабыл алам”, — деди Өзбекстандын президенти.

Мирзиёев Садыр Жапаровго жана кыргыз элине ыраазычылык билдирип, Өзбекстан мындан ары да Кыргызстандын өнүгүүсүн жана реформаларын колдоого даяр экенин белгиледи.