Мирзиёев: БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болуу — Кыргызстандын чоң дипломатиялык жетишкендиги

Саясат Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 19:35
6.jpg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанды Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчө болуп шайланышы менен куттуктады.

Анын айтымында, бул Кыргызстандын чоң дипломатиялык жетишкендиги болуп саналат жана өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюнун өсүп жатканын, ошондой эле бүтүндөй Борбор Азиянын үнүнүн угулуп жатканын айгинелейт.

“Бул — чоң ийгилик. Муну түшүнгөндөр жакшы түшүнөт. Биз бир тууган Кыргызстанды чын жүрөктөн куттуктайбыз”, — деди Мирзиёев.

Өзбекстандын лидери Кыргызстанда акыркы жылдары экономиканын туруктуу өсүшү камсыздалып, калктын жашоо деңгээли жогорулап жатканын белгиледи. Анын айтымында, өлкөдө жаңы объекттер курулуп, ири инфраструктуралык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда.

“Биз Кыргызстандагы өзгөрүүлөргө кубанабыз жана сыймыктанабыз. Кошунабыз күчтүү болсо, бул биз үчүн эки эсе жагымдуу”, — деди ал.

Мирзиёев ошондой эле Өзбекстан Кыргызстандагы реформаларды мындан ары да ар тараптуу колдоого даяр экенин билдирди.