Мирлан Рахманов Салык кызматынын төрагасынын орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 28 Февраль 2025 12:43
DSC03822-1.JPG
copyright icon Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Рахманов Мирлан Абдибаитович Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бүгүн Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басары ведомствонун жамаатына тааныштырылды.

Мирлан Рахманов буга чейин Салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары болуп иштеген.