Министрлер кабинетинин төрагасы жумушчу сапары менен Дубайга барат

Министрлер кабинети Загрузка... 09 Февраль 2025 16:21
67a346a32e207.jpg
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.02.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 11-13-февралында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына барат.

Сапардын жүрүшүндө минкаб төрагасы Дүйнөлүк өкмөттүк саммитине катышып, глобалдык таасирдин күчөшү темасында панелдик сессияда сөз сүйлөйт. 

Мындан тышкары, саммиттин алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалууда.

Белгилей кетсек, “Келечектин өкмөттөрүн түзүү” темасына арналган Дүйнөлүк өкмөттүк саммитке 30дан ашык мамлекет жана өкмөт башчылары, 80ден ашык эл аралык уюмдар, 100дөн ашык өкмөттүк делегациялар жана 6 миңден ашуун катышуучу, анын ичинде алдыңкы дүйнөлүк эксперттер катышат. Саммиттин жүрүшүндө глобалдык экономиканы өнүктүрүү, эффективдүү башкаруу, климаттын күн тартиби, түрдүү тармактардагы заманбап трансформациялар талкууланат.