Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын ири азык-түлүк көзөмөл кампасы Кытайда ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын Кытайдагы көзөмөл кампасынын ачылышында билдирди.
Министрдин айтымында,Кыргызстандагы жеке ишкерлер жана карапайым дыйкандар тарабынан өндүрүлгөн айыл-чарбадагы азык-түлүктөр аталган көзөмөл кампага алынып келинип, сертификациядан өткөрүлүп, Кытай мамлекетинин ар бир округуна жөнөтүлөт.
“Садыр Нургожоевичтин азык-түлүктүн экспортунун көлөмүн эки эсе көбөйтүү боюнча тапшырмасынын негизинде бул долбоорду ишке ашырдык. Эки өлкөнүн жеке менчик ишканалары чогуу ушул көзөмөл кампасын ачышты. Бул тарыхта биринчи жолу ачылып жатат. Биздин өлкөдө өндүрүлгөн айыл-чарбадагы азык-түлүктөр ушул кампага алып келинип, сертификациядан өткөрүлүп Кытай мамлекетинин ар бир округуна жөнөтүлөт. Буга чейин мындай кампа жок болгондуктан биздин азык-түлүктөр коңшу өлкөлөр аркылуу өтчү. Бизге 1 млн тонна көлөмгө чейинки продуктыны экспорт жасаганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бүгүнкү күндө бизге 32 продуктынын түрүнө экспорт кылууга болот. Тагыраагы, биз Кытай өлкөсү менен 15 продуктунун түрүн экспорттоо боюнча келишимге кол койгонбуз. Ал эми 17 продукт боюнча бизге келишимсиз атайын уруксат берилген”,-деди ал.