МИКтин өкүлү квоталык шартта батир алуунун тартибин түшүндүрдү

Коом Загрузка... 26 Февраль 2026 14:40
615488831_3690064661136706_9149998980681104578_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын курулуш иштерине катышкан мамлекеттик органдарга жана мекеме-уюмдарга квоталык негизде кошумча батирлер бөлүнүп берилет. Бул тууралуу МИКтин Сатуулар башкармалыгынын башчысы Кылычбек Келдибеков "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мында аталган мамлекеттик органдар же мекеме-уюмдар жер тилкесин же белгилүү бир акча каражатын Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп бериши керек.

"Компаниянын курулуш иштерине катышып, жер тилкесин бизге өткөрүп бергендерге же курулуш иштерине акча каражаттарын бөлүп берген мамлекеттик органдарга, мекеме-уюмдарга биз квоталык негизде курулуп жаткан объектилердин жалпы санынан 20 пайызга чейин кошумча батир бөлүп бере алабыз. Белгилей кетсем, квоталык негиздеги мындай батирлер МИКтин "Менин үйүм" программасынын "Жеңилдетилген ипотека", "Арзан ипотека" жана "Социалдык ипотека" багыттары боюнча кезекте турган жарандарга гана берилет", — деди ал.

Ал өз сөзүндө буга чейин курулуш объектилерине өз салымын кошкон мекемелер катары Жаза аткаруу кызматын, Коргоо министрлигин жана Чек ара кызматын атап өттү.