Мэр: Ош шаарына чет элдик ири инвестициялар тартылууда

Элдик курултай 1412 25 Декабрь 2025 16:00
452049032_821588830160016_6170457572319139035_n (1).jpg
WhatsApp Image 2025-12-25 at 15.35.57 (1).jpeg
Алдыга
Артка
452049032_821588830160016_6170457572319139035_n (1).jpg
WhatsApp Image 2025-12-25 at 15.35.57 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.12.25 /Кабар/. Ош шаарына чет элдик инвесторлор чоң ишеним көрсөтүп, ири инвестициялар тартылууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылы калаада бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашат.

“Кийинки жылдын жаз айында кытайлык инвесторлор таштандыларды кайра иштетүүчү заманбап завод куруу иштерин баштайт. Бул экологиялык абалды жакшыртууга чоң салым болот. Мындан тышкары Ош шаарындагы “Т” деген аймактан баштап, Ак-Буура дарыясына чейин эстакадалык көпүрөлөр курулат.

Ошондой эле саркынды сууларды тазалоочу жаңы курулмалар да пландалып жатат. Бул долбоор үчүн кытайлык “Кунлун” компаниясы болжол менен 30 миллион доллар инвестиция салып жатат. “Ош сити” долбооруна дагы Кытайдан келген инвесторлор тарабынан 200 миллион доллар инвестиция тартылды.

Бул долбоорлор шаар инфраструктурасын жакшыртууга багытталат”,- деп белгиледи калаа башчы.