Мэр ЦУМдун айланасындагы курулуштар боюнча сын-пикирлерге жооп берди

Коом Загрузка... 16 Март 2026 17:30

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.03.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги курулуштарга карата шаардыктардын сынына жооп берди.

Анын айтымында, буга чейин чара көрүлбөгөндүгүнүн себеби — объектилер үчүн курулуш компаниялары да жоопкерчиликтүү.

“Шаардыктар "мэрия буга чейин кайда эле?" деп сурап жатышат. Бирок бул куруучулардын да жоопкерчилиги. Биз тиешелүү негиздерди жана уруксаттарды бекиткенден кийин курулуш башталат. Андан сырткары, шаардыктардын пикирин эске алуу менен учурда компаниялар объектилерди демонтаждоо чечимин кабыл алып жатышат”, — деди Жунушалиев.

Калаа башчысы кошумчалагандай, “Айчүрөк” соода борборунун (ЦУМ) жанындагы мурдагы фонтандардын ордуна курулган объектини бузууга болжол менен 10 күн талап кылынат. Бул иштер аяктагандан кийин долбоор шаар куруу кеңешинин кароосуна сунушталып, анда долбоорду ишке ашыруунун кийинки мөөнөттөрү аныкталмакчы. Алынган милдеттемелерге ылайык, учурда 1-кабатты демонтаждоо иштери башталды.

Эске салсак, Айбек Жунушалиев бүгүн Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде көчмө жыйын өткөрдү. Анда жүрүп жаткан курулуштарга үч компания ээлик кылары маалым болду. Жунушалиев аталган көчөлөрдүн кесилишинде жайгашкан Beren Gold имаратынын өкүлүнө да кайрылып, жүрүп жаткан курулуштар менен кошо аталган имараттын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу тапшырмасын берди.

“Эң негизгиси — ушул жердеги майда-чүйдө көрүнүштөрдүн бардыгы иретке келиши керек. Ушул иштердин бардыгын бир учурда бүтүрөлү. Ишти созбой, бул жерди өз иретине алып келели. Дагы бир түшүндүрмө бере кетсем, азыр "мэрия, мамлекеттик органдар каякты карап отурат?" деген көптөгөн суроолор болуп жатат. Эми бул — ар бир куруучунун жоопкерчилиги. Бүгүн шаардыктардын оюн эске алып, ушундай чечимдерге келип жатабыз. Бул — шаардын кызыкчылыгы үчүн аткарылып жаткан иштер”, — деди ал.