Медер Абакиров Азербайжан элчиси Латиф Гандилов менен жолукту

Саясат Загрузка... 08 Февраль 2025 11:11
WhatsApp Image 2025-02-07 at 19.05.17.jpeg

Бишкек, 08.02.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандиловдун жолугушуусу болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө саясий өз ара аракеттенүү маселелери, анын ичинде жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Мындан тышкары, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду. Бул контекстте тараптар үстүбүздөгү жылы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.