“Манас таануу” телетаймашынын 15 жылдыгы Стамбулда белгиленди

Коом 5 октябрь 2026 16:00
WhatsApp Image 2026-10-05 at 08.48.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-05 at 08.48.33 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-05 at 08.48.33 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-05 at 08.48.32.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-05 at 08.48.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-05 at 08.48.33 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-05 at 08.48.33 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-05 at 08.48.32.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын 15 жылдык мааракесине карата Кыргызстандын жети облусунан тандалган мыкты мугалимдер жана уюштуруучулар Түркияга маданий иш сапар менен барышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапар Кыргыз улуттук “Манас” театрынын колдоосу менен уюштурулган. Делегация Стамбул шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун ишмердүүлүгү менен таанышып, Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Иш сапардын жүрүшүндө катышуучулар Түркиянын маданий чөйрөсү менен таанышып, бир катар жолугушууларга катышты.