Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Талантбек Аким уулу Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары кызматына дайындалды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, тиешелүү буйрукка шаар мэри Уларбек Исмаилов кол койду.
Мэр жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатына тааныштырып, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
Талантбек Аким уулу 1977-жылы туулган. Жогорку билимдүү, адистиги - экономист. Ал буга чейин Финансы министрлигинин Манас шаардык каржы башкармалыгын жетектеп келген.
Буга чейин мэрдин биринчи орун басары болуп иштеген Дамирбек Давлянов кызматынан бошотулду.