Мамтелеканалдарда улуттук баалуулукту чагылдырган берүүлөрдү көрсөтүү сунушталды

Коом Загрузка... 01 Апрель 2026 18:30
WhatsApp Image 2026-04-01 at 18.26.43.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында мамлекеттик телеканалдар аркылуу улуттук идеологияны, баалуулуктарды жана ошондой эле таалим-тарбиялык мааниси жогору берүүлөрдү көбүрөөк көрсөтүүнү сунуштады.

Ал өз сөзүндө коомго, өзгөчө жаш балдарга материалдык баалуулуктар тууралуу эмес, улуттук, руханий баалуулуктар тууралуу берүүлөрдү көрсөтүүнү эскертти.

"Азыркы күндө "Улуттук дем дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу деп президенттин чыгарган доктринасы менен улуттук идеология багытында кеңири жумуштар аткарылып жатат. Сунушум ушул багытта көбүрөк иш алып барсаңыздар. Мисалы, "Баластан" балдар каналында улуттук баалуулуктарды бербей, тескерисинче, материалдык баалуулуктарды берет экенсиздер. Ошол жерде акча тууралуу оюндар көрсөтүлүүдө. Менимче, телерадиокомпаниянын алкагында улуттук идеологияны жайылтып, алып кетүү керек. Мында материалдык эмес, улуттук, руханий баалуулуктар, маданиятыбыз, тилибиз, тарбия жаатында жумуштарды алып барсаңыздар", — деди Мавлянова.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоорун министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген.