Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлер жарандарга WhatsApp аркылуу телефон чалып, кандайдыр бир маалыматты сурабайт. Бул тууралуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Кылымбек Мадалбеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, эгер кимдир бирөө телефон чалса, ошол маалыматты расмий түрдө мамлекеттик органдын сайтынан карап, телефон номери, электрондук почтасы аркылуу маалыматты такташ керек.
“Негизи шылуундар жарандар боюнча көп маалыматты толук билишпейт. Алар эптеп бир маалыматты чыгарып, андан ары колдонго аракет кылышат. Көбүнчө аларда толук маалымат болбойт. Шылуундардын көп колдонгон ыкмасы ар бир жаранга чалып, ал жаран тууралуу болушунча көбүрөөк маалымат алуу. Ошондуктан, УКМК, ИИМ жана биздин агенттик бардык тараптан жеке маалыматтарды сактоо боюнча маалымдоо каражаттарына маалымат таркатып жатабыз”, - деди ал.
Белгилей кетсек, жеке маалымат бул – ар бир адамды аныктоого алып келе турган маалымат. Мисалы, жаранга тиешелүү аты-жөнү, туулган жылы, жеке идентификациялык номери, телефон номери, жашаган дареги жана башка маалыматтар.