Бишкек, 26.12.25 /Кабар/. IV Элдик курултай жогорку деңгээлде өтүп, ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн Элдик курултайда билдирди.
Анын айтымында, курултай аркылуу эл менен түздөн-түз байланыш түзүлүп, алардын пикири угулду.
“Курултай институтунун коомдогу орду жылдан-жылга бекемделип барат. Делегаттардын өзүн алып жүрүү маданияты да өскөнү байкалды. Мурун жергиликтүү маселелер гана көтөрүлсө, быйыл делегаттар улуттук деңгээлдеги маселелерди да айтууга аракет кылышты. Бул аң-сезимдин өсүп жатканынан кабар берет. Биздин аң-сезимибиз өскөн сайын, курултай институнун коомдогу орду өсүп, көтөрүлчү маселелердин актуалдуулугу да өсүп жатат. Келечекте мындан дагы актуалдуу маселелерди көтөрүп чыгабыз деген ойдомун”,- деди мамлекеттик катчы.