Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда мал чарбасына берилүүчү дары каражаттарынын 9 түрү бекер берилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Кумарбек Исаков билдирди.
Анын айтымында, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан бул 9 дарыга жылына болжол менен 500 млн сомдон ашык каражат бөлүнөт.
"Бекер берилүүчү 9 дарынын ичинде малдын шарп илдетине каршы эмдөө бар. Башында таркатылып, жер-жерлердеги кызматтарга берилген. Азыр башка оорунун күмөнү болгонуна байланыштуу кошумча дагы бир эмдөө алууга туура келип жатат. Кээ бир ооруларды лабораториядан тастыктоо чыкмайынча ачык-айкын айтууга мүмкүн эмес", — деди Исаков.
Өз кезегинде суроо узаткан эл өкүлү Кубанычбек Самаков айылда мал-жандыктар ооруп бүтүп, өзүнөн-өзү айыгып жатканын айтты.
"Сиздер эмнеге эртерек эмдөө уюштуруп, аракет кылбай отурасыздар? Эл сиздердин дарыларды күтүп отурбастан, көрүнгөн антибиотиктерди малына сайып, ар кандай жол менен айыктыруу аракетин көрүшүүдө. Мунун натыйжасында сүттүн сапаты бузулуп, антибиотиктер чыгып жатат. Эртең бул мамлекеттик коопсуздукка да шек келтирүүчү нерсе", — деди депутат.