Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. 2027-жылы мал чарбасын өнүктүрүүгө берилүүчү 3 пайыздык жеңилдетилген насыя төрт багытты камтыйт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Мал чарбачылык жана ветеринария башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Каландаров "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, мал сатып алуудан тышкары, малды бордоп семиртүү, жасалма уруктандырууга зарыл жабдууларын алуу жана мал сарайын куруу да каралууда.
“Аталган төрт багытты колдоо үчүн 2027-жылы 7 млрд сом каражат бөлүү пландалууда. Мындагы өзгөчөлүк сарай курууну каалагандарды да колдоону көздөп жатабыз. Алгач насыялар негизинен ири мүйүздүү мал сатып алууга берилсе, учурда асыл тукум кой, эчки, топоз жана жылкы чарбаларын өнүктүрүүнү каалагандар да бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана алышат”,- деди Каландаров.
Насыялар жылдык 3 пайыздык үстөк менен бир жылдык жеңилдетилген мөөнөт жана беш жылга чейинки төлөө шарты менен берилет.
Маалымдалгандай, 3 пайыздык жеңилдетилген насыяны төлөө мүмкүнчүлүгү, күрөөсү жана малды багууга ылайыктуу сарайы бар жарандар ала алышат. Насыяга арыздар "iDyikan" платформасы аркылуу электрондук түрдө берилет. Платформада толугу менен керектүү документтерди жана маалыматтарды топтоо мүмкүнчүлүгү каралган.