Мал чарбасына 3 пайыздык насыя берүүгө 7 млрд сом бөлүү пландалууда

Экономика
Мал чарбасына 3 пайыздык насыя берүүгө 7 млрд сом бөлүү пландалууда
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. 2027-жылга мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 3 пайыздык жеңилдетилген насыя берүүгө 7 млрд сом каражат бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Мал чарбачылык жана ветеринария башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Каландаров "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, быйыл асыл тукум мал сатып алууну каалаган фермерлерге 3 пайыздык насыя менен 1 млрд 232 млн сом бөлүнгөн.

"Учурда бул каражат толугу менен фермерлерге берилип, асыл тукум мал сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындан тышкары, асыл тукум мал алууну каалаган фермерлер үчүн дагы 270 млн сомго жакын каражат бөлүнүп, жакынкы аралыкта берилери күтүлүүдө. Жаңыдан ишин баштаган фермерлер да 3 пайыздык насыя алуу менен чарбачылыгын өнүктүрө алышат", — деди ал.

Ошондой эле республика боюнча 200дөн ашык фермер 3 пайыздык жеңилдетилген насыя алганы маалымдалды.

Белгилей кетсек, каражат асыл тукум чарбаларды өнүктүрүүгө, жасалма уруктандыруу иштерине керектүү жабдууларды сатып алууга жана чет өлкөдөн асыл тукум мал алып келүүгө багытталган.