Өлкөнү өзгөрткөн 5 жыл. Садыр Жапаровдун саясий чечкиндүүлүгүнүн жемиши

Саясат Загрузка... 16 Январь 2026 19:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Саналуу күн мурун журналист Айбек Бийбосунов тарткан “Президент” аттуу даректүү тасма көрүүчүлөргө тартууланды. Төрт бөлүктөн турган тасмада Кыргызстанды башкарып келе жаткан президент Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгү чагылдырылды. Мамлекет башчысынын кызматка киргенден кийин өлкөдө саясий-экономикалык жана социалдык бир катар маселелер чечилип, алдыда амбициялуу пландар коюлганы белгиленет. “Кабар” агенттиги өлкөдөгү акыркы 5 жылдагы жетишкендиктерди, аларды чечүүдө мамлекет башчысынын чечкиндүүлүгү жана жоопкерчилиги тууралуу сөз кылабыз.

5678c6b4-11c2-469a-b0a2-7ff500d140e2

Садыр Жапаров президенттикке шайланганына 5 жыл болду. Мамлекеттик жана коомдук ишмер Аалы Карашев азыр артка кылчайып карасак, 5 жыл мурда мамлекет кандай абалда эле деген суроо жараларын айтат.

Аалы Карашев алгач сандарга токтолуп, экономикалык көрсөткүчтөр, ички дүң продукциянын өсүшү, бюджеттин киреше бөлүгү тууралуу кеп козгоп, өлкөдө акыркы 5 жылда жетишилген экономикалык чоң жетишкендиктерди белгиледи.

“Мына биздин мамлекет туруктуу экономикалык өсүү жолуна түштү. Акыркы 3-4 жылды карап көрсөк, ички дүң продукциябыз жыл сайын 7-9% өсүп жатса, ал эми 2025-жылдын жыйынтыгы менен 10,2% өсүштү көрсөтүп, жалпы көлөмү 1 трлн 600 млрд сомдон ашып жатат. Ошондой эле киреше бөлүгүбүздү, бюджетти карап көрсөк, консолидацияланган бюджетибиз 1 трлн сомдон ашты. Бул чоң көрсөткүч. Себеби, 2021-жылдын жыйынтыгы менен республикалык бюджетти өзүнчө алып көрсөк, 200 миллиардга жетпеген акча бар болчу. Азыр республикалык бюджет дагы үч эсеге өстү. Бул жетишкендиктин негизги көрсөткүчү деп айтат элем”, - деди ал.
881160.553ad1130534.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Ошондой эле ал Кыргызстан тышкы саясатты жүргүзүүдө да чоң жетишкендиктерге жеткенин белгиледи. Эң башкы маселе – чек аранын чечилиши. Коңшу өлкөлөр менен ондогон жылдардан бери чечилбей келген чек ара көйгөйү толук кандуу чечилип, стабилдүүлүктүн орношуна зор салым кошту.

“Өлкөбүз бүгүнкү күндө жаңы тепкичке көтөрүлүп, дүйнөлүк коомчулукка башкача көз караш менен таанылып жатат. Биринчи кезекте - коңшу мамлекеттер менен оор мезгилдер өттү: чек ара маселелери чечилген эмес, талаш-тартыш жараткан жерлер көп болчу, мындан улам чыр-чатактар болуп келген, кагылышууларда адамдар да каза болгон учурлар орун алган эле. Бүгүнкү күндө Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара маселеси чечилип, стабилдүүлүктүн орношуна чоң салымын кошту. Бул маселеде президент өзүнө жоопкерчилик алып, чечкиндүүлүгүн көрсөтө алды”, - дейт мамлекеттик ишмер.

Мындан тышкары, Карашев өлкөдө ири улуттук жана стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга кадамдардар ташталганын белгилеп, президенттин алдыга дагы бир катар амбициялуу пландарды коюп жатканын айтты.

“Биринчиден, ири стратегиялык долбоор катары Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышын айтсак болот. Долбоордун финансы маселеси да чечилип, жумуштар жүрүүдө. Экинчиден, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу да башталды. Буга чейин ушул эки ири долбоорду ишке ашыруу боюнча сөздөр болгону менен аткарылбай келген. Азыр алардын ишке ашырылып жатканына күбө болуп жатабыз. Бул долбоорлор жүзөгө ашса, жумуш орундары түзүлүп, деги эле экономикабызга эбегейсиз, миллиардаган каражаттарды алып келет. Долбоорлорду баштоо боюнча коңшу мамлекеттерди ынандырды. Учурда Кыргызстан көптөгөн жетишкендиктерге жетишип жатканына баарыбыз күбө болуп жатабыз. Кыргызстанды тез өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн биринчи катарына кошуу максаты коюлууда. Бул жерде президенттин ролу, орду, чечкиндүүлүгү жогору. Ар бир кыргызстандык жаран патриот болуп, биримдикте өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө салым кошушубуз керек”, - деп белгиледи ал.

Кыргызстандагы акыркы 5 жылдагы өнүгүүлөр ички саясаттын туура жолдо бара жатканынын белгиси экенин ортопед, академик Сабырбек Жумабеков айтат. Дарыгер экономиканын өсүшүнө жараша медицина тармагында да ири өзгөрүүлөр, жаңылануулар болуп жатат деп эсептейт.

WhatsApp_Image_2026_HBdP4BB.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014
“2025-жыл медицина тармагынын жылы болот деп президенттин айткан сөзү бар эле. Айтылгандай, былтыр 30дан ашык жаңы медициналык объектилер салынып бүттү. Андан тышкары, 30дан ашык чоң медициналык жайлар курулууда. Бул да бүгүнкү күндө биздин ички саясатыбыздын туура жолдо бара жатканынын белгиси болуп эсептелет. Мамлекетибиздин казынасы 3 эсе өстү. Бул көрсөткүч учурда коңшу мамлекеттерге, жалпы дүйнөдөгү өсүп-өнүгүп жаткан мамлекеттерге салыштырмалуу жогорку деңгээлде баратат”,- деди ал.