Кыргызстанда туризм тармагы приоритеттүү багыттардын бири катары каралып, жыл сайын өнүгүп келе жатат. Айрыкча кышкы жана жайкы туризм, тоо альпинизми, экотуризм өнүгүп, жыл санап эс алуучулардын саны өсүүдө. Ага жараша өлкө аймагында туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилип, инфраструктуралар жакшыртылууда, анын ичинде эс алуу жайлары, мейманканалар курулуп, жаңы жолдор салынып, эскилери оңдолууда.
Бирок, мүчүлүштүктөр да жок эмес. Туристтердин агымы жыл сайын көбөйүп жатканына карабастан, тейлөө маданияты күтүлгөн деңгээлге жете элек. Айрыкча жай мезгилинде туризмдин чордону болгон Ысык-Көлдө ички жана чет элдик туристтердин саны күн санап өсүүдө. Бирок, ошол эле учурда тейлөө сапаты, инфраструктура жана санитардык абал боюнча нааразычылыктар дагы деле байкалууда.

Мейманканаларда, тамактануучу жайларда жана пляждарда кызмат көрсөтүүнүн сапаты дагы деле талапка жооп бербейт. Айрым учурда баалар жогору болгону менен көрсөтүлүп жаткан кызмат алардын деңгээлине жооп бербейт.
Буга байланыштуу бүгүн президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков да социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Чолпон-Ата жана Бостеридеги туризм менен алектенген жергиликтүү жарандарга кайрылды.

Анын айтымында, эми Ысык-Көлдө зонтик (чатыр) коюп алып, ижара акы алгандарга чара көрүлөт. Себеби, мындай көрүнүштөр Ысык-Көлдүн аброюна шек келтирип, туристтерди иренжитет.
"Урматтуу мекендештер, айрыкча Чолпон-Ата жана Бостеридеги туризм менен алектенген жергиликтүү жарандар! Сезон кызуу жүрүп жаткан учурда туристтерден "эптеп эле акчасын алып калалы" деген көз караштан алыс болсоңуздар.
Буга чейин президенттин тапшырмасы менен көл жээгиндеги тосмолор алынып, элге ачык эс алуу шарттары түзүлгөн. Бирок, тилекке каршы, айрым пляждарда жээкти ээлеп, зонтик коюп алып, туристтерди мажбурлап ижара акы төлөтүп жаткан уятсыздар пайда болууда. Зонтиктин кызматын каалабагандарга тоскоолдук жаратып, орой мамиле кылгандар да бар экен. Мындай көрүнүштөр Ысык-Көлдүн аброюна шек келтирип, туристтерди иренжитет. Жергиликтүү бийлик мындай аракеттерге эскертүү берди, эми мындан ары чара көрүлөрүн эскертебиз. Туристтерден акча табабыз десек – сый, тазалык жана меймандостук менен табалы! Келген конокторду жылуу узатып, кийинки жылы кайра келишине шарт түзөлү", - деп жазган ал.
Жогорудагы көйгөйлөр боюнча “Кабар” маалымат агенттиги Чолпон–Ата шаарынын мэри Азамат Арнабек уулунун пикирин укту.

Анын айтымында, эреже боюнча, пляжга кирүү акысыз болушу керек. Зонтик менен шезлонгдордун бир күндүк баасы 200 сомдон ашпашы зарыл. Бирок, ага карабастан азыркы учурда пляжга кирүү үчүн акы алышууда жана зонтик, шезлонгдордун баасын 2-3 миң сомго чейин жогорулатышууда.
“Чолпон-Ата шаары туристтик шаар болуп эсептелет. Азыркы учурда административдик-аймактык реформанын алкагында Бостери айылы Чолпон-Ата шаарына кошулган. Туристтерге жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүү үчүн пансионат ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Жалпысынан алганда, Чолпон-Атадагы көпчүлүк пансионаттарда шарттар жакшы. Туристтерге болгону меймандостугубузду жана маданиятыбызды көрсөтүү гана зарыл. Бул багытта ар бир пансионат ээси менен жеке сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Менин жеке пикиримде жергиликтүү тургундар менен биргеликте ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүүбүз керек. Мындай иштерди биргеликте жүргүзүү аркылуу туристтерди тосуу маданиятыбызды жакшырта алабыз. Жыл башында жергиликтүү бийлик жана тургундар үч айлык маданий иш-чаралардын программасын түзүшү керек. Анан ошол программа менен иш алып баруу зарыл. Ошондо гана ынтымак жаралып, туристтерди жогорку деңгээлде тосуп алабыз.

Азыркы тапта маанилүү көйгөйлөрдүн бири – айрым пансионат ээлери пляждарга байланыштуу маселелерди "өзүбүздүн жерибиз, өзүбүз билебиз" деген негизде өз алдынча чечүүгө аракет кылышууда. Эгерде алар пляждагы зонтиктерди, шезлонгдорду жана жалпы пляжды өз алдынча иштетебиз десе, анда Муниципалдык менчикти башкаруу органы менен атайын келишимдин негизинде иштешүүлөрү керек. Ал келишимге ылайык, белгилүү бир тариф коюлат. Тилекке каршы, айрым пансионаттар бул эрежелерди сактабастан, пляжды тосуп, зонтик менен шезлонгдордун баасын өтө жогору коюп жатышат. Мисалы, жакында “Каганат” пансионатына барганыбызда, пляж тосмолор менен тосулуп, зонтиктер 2 миң, ал эми шезлонгдор 5 миң сом болуп коюлганын көрдүк. Мунун негизинде пансионатты Муниципалдык менчикти башкаруу органына өткөрүп бердик. Ушундай тартип бузган пансионаттар эми пляждарды иштете албайт. Мындан ары мындай пляждардын дароо ишмердүүлүгүн токтотуп, өзүбүз иштете баштайбыз. Муну ар бир пансионаттын ээси эске алышы шарт. Эреже боюнча, пляжга кирүү акысыз болушу керек. Зонтик менен шезлонгдордун бир күндүк баасы 200 сомдон ашпашы зарыл. Бирок, азыркы учурда пляжга кирүү үчүн акы алышууда жана зонтик менен шезлонгдордун баасын 2-3 миң сомго чейин жогорулатышууда.

Мындан тышкары, тамак-аш жана керектүү буюмдардын бааларынын кымбатташы боюнча да нааразычылыктар айтылууда. Бул көйгөй чын эле бар. Негизи бул маселени Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөшү керек. Жакын арада бааларды көзөмөлдөп, текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлөт. Анын курамына Муниципалдык менчикти башкаруу органынын, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кирет”,-деди ал.
Калаа мэри муну менен катар кийинки жылы туристтерди тосуу жана тейлөө боюнча атайын үч айлык программа иштелип чыгаарын белгиледи.
“Мен программалык негизде иштөөнү жактырам. Азыртан баштап кийинки жылга туристтерди тейлөө боюнча атайын программа даярдап жатам. Насип болсо кийинки жылы туристтерди тосууда жана тейлөөдө жаңыча ыкма менен иш алып барабыз. Туристтерди тосууда ар бир жарандын жоопкерчилиги чоң. Бул иште бир гана пансионат ээлери же жергиликтүү бийлик эмес, жалпы коом меймандостук көрсөтүүгө катышуусу керек. Тилекке каршы, айрым учурларда жарандар келген туристтер менен урушуп, аларды таарынтып коюп дагы жатат. Бул нерсени өзгөртүү – ар бирибиздин колубузда”,-деди ал.
Туризм тармагы боюнча эксперт Азамат Жаманкуловдун айтымында, туристтерди тейлөөдө ишкерлерге көзөмөлдү күчөтүү абзел.

“Биринчиден турист тейлөөдө кошуна жана алыскы мамлекеттерден үлгү алышыбыз керек. Мисалы, Түркиядагы эс алуучу жайларда зонтиктер, шезлонгдордун баары акысыз. Ысык-Көлдөгү пансионат ээлери ушул сыяктуу өлкөлөрдөн үлгү алуулары абзел. Мындан сырткары, жергиликтүү бийлик тарабынан түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүшү керек. Баалар боюнча айта турган болсок. Чындыгында бул көйгөйгө айланып бара жатат. Кызмат көрсөткөндөр адамдын келбетине жараша ар түрдүү бааны айтып жатышат. Мындай учурга өзүм да туш болдум. Менин алдымдагы кардарга башка бааны айтып, ошол эле кызматты мага ал баадан эки эсе көп кылып айтты. Бизге ушундай мамиле болуп жатса, туристтерге канчалык начар мамиле болуп жатканын элестетүү кыйын эмес. Мындай жарандарга катуу көзөмөл жүргүзүү керек. Кандайдыр бир катуу чараларды көрүү керек. Себеби, туристтердин нааразы болуп жаткандарын өз көзүм менен да көрдүм. Чындыгында өлкөнүн аброю үчүн уят. Анан да туристтерди тейлөөдө аларды атайын окуудан өткөрүү керек. Муну жергиликтүү бийлик ишке ашырышы керек. Ал эми мамлекет тарабынан бизнес ээлерине суроо-талап катуу болушу керек. Катуу суроо-талап коюлбаса алар өздөрүнүн каалаганын жасай беришет экен”,-деди эксперт.