Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Өлкөдө жыл сайын ишкердик субъектилердин саны өсүүдө, - деди Салык кызмататынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов "Ала-Тоо 24" каналына берген маегинде.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө каттоодон өткөн 155 миң фирма бар. Эки жыл мурда жеке ишкерлердин саны 98 миңдей болсо, азыр 500 миңге чейин көбөйдү.
"Бул чоң көрсөткүч жана Кыргызстандан ишкерлер качып атат, баары кетип калды деген жүйөсүз сөздөрдү жокко чыгарат", - деп билдирди ал.
Ал ошондой эле салыктын адилеттүүлүк, эрежелердин жеткиликтүүлүгү, мыйзамдардын түшүнүктүүлүгү жана салык саясатынын ийкемдүүлүгү принциптерине шайкеш иш алып баруунун актуалдуулугун баса белгиледи.